www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-майда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Лейлек районундагы жабыркаган Максат орто мектебине барды.

Министрдин айтымында, жабыркап, окуу үзгүлтүккө учураган мектептерге тез арада ремонт иштери жасалып, билим берүү улантылат.

«Мектеп калыбына келгенче, балдар чектеш жайгашкан айылдардагы мектептерде билим алууну улантат. Болуп өткөн окуялардан жабыр тарткан Максат айылындагы мектеп, бала бакча толук бүткөрүлүп, андагы окуучулар 1-сентябрда мектепке барат. Жабыркаган айылдардагы мектептерде бүтүрүүчү болгон окуучулар үчүн жогорку окуу жайларга тапшырууга кандайдыр бир деңгээлде жеңилдик берүү механизмдерин министрлик иштеп чыгат», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Аркадагы жана чек арага чектеш мектептердин материалдык базалары чыңдала турганын айткан.

Мындан сырткары Баткен шаарындагы В. И. Ленин атындагы мектепке, Баткен облустук гимназия-жатак мектепке, Ж. Бөкөнбаев, А. Имаров атындагы, Кызыл-Топу орто мектептерине, Баткен районундагы №57 кесиптик лицейге, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебине эвакуацияланган мекендештерибизге жакшы шарт түзүп берүү улана турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости