www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

"Урматтуу биз келечегибиз катары билген балдарыбыз, тарбияланып жаткан муун жана ата-энелер. Бүгүнкү Балдарды коргоонун эл аралык күнү жалпыбызга куттуу болсун.

Балдарыбыздын келечеги кең, асманы ачык болушун тилейм. Эч бир бала өксүбөй, татыктуу балалык доорун сүрүүсүнө тилектешмин. Анткени, балдар - биздин келечек", - деди министр.

Бейшеналиев кыргызстандыктарды Эмен паркында өтүп жаткан “Балалык ыргагында” аттуу майрамдык иш-чарага чакырып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости