www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарынын “Манас сууканал” башкармалыгынын башчысы болуп Ибраимов Алмазбек Шарипбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди. 

Ибраимов Алмазбек Шарипбекович

1985-жылдын 11-декабрында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку.

Ош мамлекеттик университетинин Физика-математика жана информатикалык технологиялар факультетин бүтүргөн. Адистиги – программалык камсыздоонун эсептөө техникасынын автоматташтырылган системалары (ПОВТАС).

Эмгек жолу:

• 2021–2022-ж.ж. — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси.

• 2022–2026-ж.ж. — “Манас сууканал” башкармалыгынын жетекчисинин инвестиция боюнча орун басары.

Эске салсак, “Манас сууканал” башкармалыгын буга чейин Зарыл Тыныбек уулу жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Последние новости