www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизинен, депутат Г.Асылбаеванын өткөн жылы демилгелеген мыйзамы өтө туура болчу! Бирок аны батышчыл күчтөр менен ээн ооздукка көнүп калгандар «цензураны киргизүү, сөз эркиндигин муунтуу» катары сыпатташып, каралап салышты!

Сөз эркиндигинин дагы чеги болот! Демократиянын дагы чеги болот!

Өзүн сыйлаган коом, өнүгүп-өсүүнү каалаган мамлекет маалымат коопсуздугун биринчи орунга коёт!

Ар ким эле фейк-аккаунтарды ачып алып бирин-бири каралоо, жалган ушак таркатуу күч алды!

Урматтуу Президент мырза, мындай фейктердин каралоосуна өзүңүз дагы көп туш болдуңуз!

Анысы аз келгенсип, ар шайлоодо трайбалисттик-регионалдык бөлүнүүлөргө дагы социалдык тармактарда ачыктан-ачык эле чакырыктар чыгып кетип жатат!

Жаш муундар дагы соцсеттерге алаксып, китеп окубай калышты! Сабатсыз, түркөй жаштардын өсүп келе жатышкандыгы келечек үчүн кооптуу маселе.

Интернет айдыңындагы социалдык желелерди биротоло жабууга мүмкүн болбосо дагы, жок дегенде, ар ким өз аты-жөнү жана жеке коду менен гана каттала ала турган кылып, көзөмөлгө албасаңыз болбой калды. Фейк-аккаунттардын ачылышына жол берилбеши керек!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости