www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-апрелде саат 13:36 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыз уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам түрдө Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлдү, деп билдирди басма сөз кызматы.

Жоголгон кыздын апасы (1988-жылы туулган В.И.) билдирген маалымат боюнча, жарандык никедеги жолдошу 2018-жылы төрөлгөн кызын «БМВ X5» үлгүсүндөгү автоунаага салып, уурдап кеткенин айткан. Кайгуулчулар өздүк курамга багыттама берип, көп узабай 1982-жылы туулган Ш.Ф. кармалды. Ал Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

Кыз апасына берилди. Абалы жакшы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости