www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 млн смодук идиш-аяктар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунда “VolvoPH12” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.
Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 млн сомдон ашуун.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндрүштөр жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg