www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүргөн деп шектелген Замирбек Теңизбаев аны мурда да ала качууга аракеттенгени, бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу Айзада котормочу-технолог болуп иштеген трикотаж фабрикасынын жетекчиси Жолдош Шаршенов "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, маркум Түркиядагы ишканалардын бири менен тейлөө тармагында иштөө үчүн келишим түзүп, 15-апрелден кийин кетүүгө даярданып жүргөн:

"Айзада алтын кыз эле. Менин оң колум болчу. Мурда да Түркияда иштеп келген. Кайра эле кетем деп, жумушчу виза алган. Билетти эле күтүп жаткан. Анткени, мага жанагы досубу же кимиси эки жолу бычак такап коркутканын айткан. Бизде анын курбусу иштейт. Анын күйөөсү тиги балага барып сүйлөшкөн. Ошол бойдон жолобой калган. Аны көрө элек болчумун. Айзада Түркияга ошол бала тынчтык бербегени үчүн кете турганын айтып берген. Күндө эртең менен күн сайын саат 07.20да аны Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Кечигип атса чалып койчу. Ошол күнү келген жок. Чалсам алган жок. Мени башка жумушчулар да күтүп жаткандыктан, кыздарга Айзаданы табууну табыштап кетип калгам", - деди Жолдош Шаршенов.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыга коюлганы жатат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости