www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алсу Курмашеванын абак мөөнөтү дагы эки айга узарды

Орусияда сот дээрлик төрт айдан бери тергөө абагында отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашеванын камак мөөнөтүн дагы дээрлик эки айга узартты. Бүгүн 1-февралда Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту аны 5-апрелге чейин абакта кармоо чечимин кабыл алды. 

Сот отуруму жабык өттү, ага адвокаттар, прокурор жана тергөөчү гана катышты.

Жактоочунун Курмашеваны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн сот канааттандыруудан баш тартты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Стивен Капус соттун бүгүнкү чечимине байланыштуу: "Орусиянын бийлигинин негизсиз кармалган Алсу Курмашеваны куугунтуктоо аракети айыптоого жатат. Аны түрмөгө камап, америкалык журналист болгону үчүн гана адилетсиз мамиле жасап жатышат”, - деп айтты.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын кызматкери, АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгонор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин маалымдашкан.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөгөн.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу анын кармалышын кескин айыптоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости