www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Алтай Манас-Талас” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады. Бул тууралуу жазуучу Абдымамбет Сариев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Кайрылууда:
2010-жылдан бери биз—“Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмесинин төрагасы, жазуучу Качибеков Кушубек, жазуучу Сариев Абдымамбет ж.б. бир топ инсандар кыргыз элинин маданиятына, адабиятына, илим-билимине колдон келишинче салым кошуу, жаштарды Алтай Республикасындагы Тоолуу-Алтай мамлекеттик университетинде акысыз окутуу, Манастын эстелигин Алтай Республикасында коюу, маданият, адабият тармагында эки өлкөнүн ортосунда байланыш түзүү ж.б. маселелер боюнча бир топ аракеттерди жасап келе жатабыз.
2011-жылы 7-июндан 14-июнга чейин Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен Талас областынын губернаторунун ошол учурдагы орун басары Р. Ботиков, Талас шаарынын ошол учурдагы Мэри С. Шейшенов, КР Улуттук жазуучулар Союзунан жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен А. Сариев, “Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмесинин төрагасы, жазуучу К. Качибеков баш болгон 7 өкүл Россия Федерациясынын Сибирь Федералдык округуна караштуу Алтай Республикасына барып, Тоолуу-Алтай мамлекеттик университети менен 2011-жылы протоколдук келишимдин негизинде Кыргызстандан барып окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жыйынтыгында 2011-жылдан ушул мезгилге чейин Кыргызстандык барган 500дөн ашуун студент Алтай Республикасынын Тоолуу-Алтай мамлекеттик университетинде окуп билим алып, окууну аяктагандарынын бир канчасы Алтайда калып иштешүүдө. Биздин аракет кылуубуздун жемишинен Кыргызстандык студенттер башка өлкөлөрдүн студенттерине окшоп, окуу үчүн акча төлөбөйт. Анын ордуна окугандарына жараша 2 миң 500 рублдан 30миң рублге чейин стипендия алып, жатакана менен камсыз болуп окуп билим ала алышат. Мындай камкордук университтете окуп жаткан Кыргызстандыктар үчүн гана. Башка 10 өлкөдөн барып билим алгандарга өз мамлекети миллиондогон акча каражатын төлөшөт. Бул маселеде “Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмесинин жетекчилиги (төрага, жазуучу К. Качибеков) университети (ректору В. Г. Бабин) жана Алтай Республикасынын Өкмөт башчылары (Бердников, Андаратонов, Шепель, Бедюров) менен келишип, аларды макулдатууда жүргүзгөн дипломатиялык эмгеги баа жеткис.
Алтай Республикасынан атайын окутуучулар Кыргызстанга келип, жыл сайын окууга кабыл алуу үчүн жүздөгөн абитуриенттерден экзамен алышат.
Мындан тышкары биз 2010-жылы Кыргызстандын Өлкө жетекчилигине Кайрылуу жолдоп, Тоолуу-Алтай шаарына Манастын эстелигин орнотуу боюнча демилге көтөргөнбүз. Аны менен токтоп калбай, 2011-жылы Тоолуу-Алтай республикасына барганда аларга да кат жана ооз жүзүндө кайрылганбыз. Алар да колдоп Россия федерациясынын Башчыларына маалымат берип, Россия Федерациясы тарабынан да колдоого алынып, турмуш жүзүнө ашырыла турган болгон. Тилекке каршы бул жакшы саамалык Кыргызстандын жана Россиянын Өлкө Башчыларынын колдоосуна ээ болгону менен алигиче турмуш ашырылбай келет
СИЗДЕН ӨТҮНҮЧ;
1. Россия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россия Федерациясынын Сибирь федералдык округуна караштуу Тоолуу-Алтай шаарына Манастын эстелигин орнотуу маселесин колго алууңузду өтүнөбүз", - деп айтылат.
Булак: NazarNews.kg