www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы көп функционалдуу спорт жана эс алуу аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты.
Мэрдин айтымында, мындай объектилер жаштарды спортко тартууга, активдүү эс алуу үчүн шарт түзүүгө жана шаар тургундары үчүн заманбап коомдук мейкиндиктерди көбөйтүүгө багытталган.

«Быйыл республикалык бюджеттин, инвестициялардын жана мэриянын каражаттарынын эсебинен борбор калаада 36 мектеп куруу пландалууда. Шаар үчүн зарыл болгон социалдык объектилерди көбөйтүү боюнча иштер уланат», – деди Айбек Джунушалиев.

Долбоордун алкагында 0,6 гектар аянтка кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар оюн аянтчалары курулуп, чуркоо жолдору төшөлдү. Ошондой эле сырткы жарыктандыруу орнотулуп, резина жабуу, гранит менен капталган тепкичтер жана пандустар жасалды.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин «Би Эм Ассист» ЖЧКсы аткарды.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости