www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Bloomberg агенттигинин эсебине ылайык, 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын Борбордук банкынын алтын запастарынын наркы 216 млрд доллардан ашык өстү. Бул сумма Орусиянын Евробиримдикте тоңдурулган 244 млрд доллар активдердин көлөмүнө жакын.
2024-жылдын аягында Орусиянын эл аралык резервдери 755 млрд долларды түзүп, анын 326,5 млрд доллары алтынга туура келген. Орусия алтын өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда туруп, жылына 300 тоннадан ашык алтын казып алат.
Акыркы төрт жылда алтындын баасы туруктуу өсүп, өткөн жылы 65 пайызга кымбаттаган. Натыйжада, Орусиянын согушка чейин резервдердинн 21 пайызы алтындан турса, учурда бул көрсөткүч 43 пайызга жетти.
Орусиянын Каржы министрлиги алтындын баасы узак мөөнөттүү келечекте унциясына 5 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экенин болжолдойт. Ал эми Евробиримдик Орусиянын тоңдурулган активдерин Украинадагы согуш токтотулуп, келтирилген чыгымдар төлөнмөйүнчө бошотпой турганын билдирген.