www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинде орточо айлык 150-160 миң сомдон 200 миң сомго чейин экенин аталган мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди. 

Мына сага, муну укканда эптеп жан баккандар ыйлап ийди окшойт. Дегенибиз, Статкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир адам айына 8 697 сом менен жашай алат деп жатканда, Курулуш министрлигинде иштегендердин айлыгы чет өлкөдө кенен эс алып келгенге жетет тура дешип шыпшынгандар, теңсиздикке ичи күйгөндөр да болду. Анткени, 8 697 сомго тирүү калууга мүмкүн чыгар. Бирок кадыресе жашоого мүмкүн эмес болуп турганда 200 миң сом айлык алуу көптөргө кол жеткис кыял. 

Себеп дегенде, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, эң жогорку айлык акы финансы секторунда орточо эсеп менен 67 миң сомдон ашканын, эң аз киреше алган катмарга саламаттыкты сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү жана маданият тармактарында иштегендер кирерин, алардын маянасы орточо 25 миң сомго да жетпегенин билдирген. Демек, айрым мекемелердин айлыгы 200 миң экенин Статком жашырып койгон десек болобу?

Өкүнүчтүүсү, эң көйгөйлүү жагдай коом үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон тармактардагы айлык акынын төмөндүгү жан кейитет. Мындай дисбаланс мамлекеттик кызматтардын сапатына түз таасир тийгизиши мүмкүн.

Последние новости