www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы накталай эмес эсептешүүлөр чөйрөсүндөгү бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Азат Алманбетов, Кубанычбек Ысабеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Банктар аралык процессинг борборунун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле Кыргызстандын банктар союзунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин максаты ишкерлер жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга багытталган биргелешкен ыкмаларды жана чечимдерди иштеп чыгуу, накталай эмес төлөм каражаттарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле бизнести жүргүзүү үчүн тең жана ачык шарттарды түзүү болду.
Жолугушууда ишкерлер тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү колдонуу маселелери, анын ичинде QR-коддорду жана электрондук капчыктарды пайдалануу талкууланды. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда ишкерлер туш болгон практикалык көйгөйлөргө, ошондой эле эсептешүүлөрдүн ыңгайлуулугун, ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга катталган төлөм каражаттарына өтүү учурунда пайда болгон кыйынчылыктарга басым жасалды. Бул маселелерди чечүү банктардын жана башка тиешелүү уюмдардын компетенциясына кирери баса белгиленди.

Мындан тышкары, акча каражаттарынын эсепке түшүүсүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу, тарифтик саясатты оптималдаштыруу, эсептерди жана электрондук капчыктарды ачуудагы административдик жол-жоболорду кыскартуу, ошондой эле ишкерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгүнө таасир эткен башка техникалык аспектилер талкууланды.
Кеңешменин катышуучулары бизнестин жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Мамлекеттик салык кызматы ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, заманбап төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын ачык-айкын экономикасын чыңдоо багытында системалуу иштөөнү улантат.

