www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын казган ишканалар үчүн киреше салыгы төмөндөбөйт. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Депутаттар өкмөткө 2023-жылга чейин киреше салыгын төмөндөтүү боюнча сунуш менен кайрылышкан. Бирок министрлер кабинети алтынга болгон баанын кымбаттыгына байланыштуу, компаниялар жогорку көлөмдөгү салыкты төлөй аларына ишенишет.
«Алдын ала кеңешүүдө, салыктын бул түрүн киргизүү боюнча эч кандай сын-пикир уккан жокпуз. Албетте, көп салык төлөөгө эч ким кызыкдар эмес. Эгерде алтынга болгон баа дароо төмөндөп кетсе, биз сиздер менен салыктын төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселесин карайбыз», — деп жооп берди ал.
Булак: NazarNews.kg