www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын кен иштетүүдө мамлекетке 113,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген факты аныкталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2014-жылдын 22-январында Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад облусунун аймагында алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине 700,03 гектар жер тилкесине лицензия берген. 

Бирок 2016-жылдын март айында мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, лицензияда көрсөтүлгөндөн сырткары дагы 199 гектар жерди берип жиберишкен.

Мунун натыйжасында мамлекетке 113,7 миллион сом зыян келтирилгени белгиленет.

Аталган факты үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз жиберилип, учурда кароо алдында турганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости