www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан казак өкмөтүнөн ортодогу мамлекеттик чек ара аркылуу жүк алып өтүүчү кыргызстандык айдоочулардын маселесин чечип берүүнү суранууда. Бул маселе 16-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушуусунда талкууланды.

Тышкы саясат мекемесинин маалымат кызматы кабарлагандай, Ниязалиев оор жүк ташуучу айдоочулардын коронавируска байланыштуу анализ тапшыруусуна жана жыйынтыгы тууралуу аныктамасын алуусуна байланыштуу маселени жөнгө салуу боюнча тийиштүү чара көрүүнү өтүндү.

Эки тарап ишкерлерге, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт эпидемиологиялык нормаларды так сактоо менен түзүлүшү маанилүү экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантуу ниетин билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстандык жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан Орусияга жана башка чет мамлекеттерге каттаганда өтөт. Бирок, Казакстандын чек аралары коронавирус эпидемиясына байланыштуу убактылуу жабылган. Буга байланыштуу Кыргызстандык жүк ташуучулар унааларында экспорт максатында жүктөлгөн товарлары менен чек арадан өтө албай жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости