www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңеши кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү маселесин карайт.

Мэриядан билдиришкендей, Айсулуу Тыныбекованын спорттогу ийгиликтерин эске алуу менен “Москва көчөсү, 191” дарегиндеги 3 бөлмөлүү муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Токтом долбоору быйыл 24-март күнү Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

“Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда өтө турган кезектеги XXXIII сессиясынын күн тартибине киргизилди”, - деп билдирет мэрия. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости