www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Чыныбек Бапатегин менен президенттик шайлоо тууралуу баарлаштык.
- Чыныбек байке,кандай ойлойсуз, ырчысы, көзү ачыгы, эки сөздү эптей албаган акылы тайкысы деле президенттик кызматка ашыгып, даражалуу кызматтын баркын кетирип атышкан жокпу?
- Президенттик кызматка “иттин уулу Байгара” деле катышып жатышы, биздин эл биринчиден бийлик менен мансапты жакшы көргөн эл экенин көрсөттү. Экинчиден, коомдун бузулуп, деградация абалына келгенин айгинелейт. Мансапкор экенибиз өткөн парламенттик шайлоодо эле көрүнгөн. Ошондо толук түрдө максатына жетпей калгандар азыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жан үрөп жатышат. Анан калса, коомдо парламенттик башкаруудан тажап, президенттик башкарууга ыктаган тенденция да ар кимдин өз күчүн сынап көрүүгө ышкысын ойготуп жиберди окшойт. Президенттик кызмат бизде эле эмес, бүтүн дүйнө жүзүндө кадыры кеткен сыяктуу. Жоопкерчилик, милдет дегенди унутуп эле, ар ким баягы тамсилдеги бака сыяктуу өз чөлкөмүнүн чегинде саясат жүргүзгүсү келип турган чагы.
Эми, акыл эси, жүрүм-туруму күмөн жараткандарды четке коюп, реалдуу күчтөр тууралуу кеп кылсак, негизги үч же төрт топтун ортосунда күрөш жүрөт десек болот.
Биринчи топ- президенттик башкаруу системасын көтөрүп чыккандар. Булар парламентти ордуна коюп, аткаруу бийлигинин башына президентти алып келип, иш алып барууну максат кылгандар. Буларга альтернатива катары парламенттик башкарууну тереңдетип, аны сактап калуучулардын да жоон тобу чыгууда.
Ошондой эле бул шайлоодо идеологиялык күчтөрдүн да кармашы болот. Светтик түзүлүшкө ыктагандар менен диний мамлекет курууга далалат кылгандар да чыкты. Кептин чынында бул шайлоо- утурумдук шайлоо да. Анткени, эмдиги жылдын күзүндө кайра президенттик шайлоо болушу шарт. Январдагы шайлоодон соң конституциялык реформага барып, башкаруу системасын аныктаган жаңы баш мыйзамды кабыл алганы жатабыз го. Эгер референдум өтүп, баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, ага ылайык мамлекет башчысын кайра шайлашыбыз керек болот. Азыр шайлоого катышууга арыз берүү процесси гана жүрүп жатат. Жакын арада саясий күчтөрдүн сүйлөшүүсү, биригүүсү сыяктуу иштер болушу мүмкүн.
- Чыныгы атаандаштык кайсыл талапкерлердин ортосунда болот деп ойлойсуз?
- Тилекке каршы, элдин калың катмарын аркасынан ээрчитип кете турган лидер азырынча жок. Ошондой болсо да, негизги атаандаштык Садыр Жапаров менен эки-үч саясатчынын айланасында болот. Адахан Мадумаров, Садык Шер-Нияз реалдуу атаандаш боло алышат. Адахан Мадумаров да Президенттик башкаруу системасын киргизүүгө кызыкдар. Текебаевдин проектиси катары Садык Шердин чыгышы да бир катар электоратты өзүнө тартат. Алардын негизги максаты- Текебаев түзгөн парламенттик системаны сактап калуу.
Шайлоо дегенде баягы эле административдик ресурс, добуш сатып алуу, уюшкан кылмыштуу топтордун аракети сыяктуу терс көрүнүштөр жок болуп кетпегенин эстен чыгарбашыбыз керек. Алар өткөн шайлоодон кийин коңулга кирип, тынч отурушат. Шайлоого катышуучу саясий топтор аныкталган соң, алар да кыймылга кириши турган иш. Болочоктогу шайлоодо бул ресурстар сөзсүз шайлоонун жыйынтыгына таасир этет. Садыр Жапаров бир айлык убакыт аралыгында колдон келишинче бийлик органдарына өз кишилерин коюп калууга аракети күч болду. Колу жетпей калгандар өздөрү келип камчы чаап берүүгө даяр. Анан калса, бийлигинен пайдаланып, жер-жерлерди кыдырып, бийликке келүүдөгү максаттарын элге түшүндүрүп калууга мүмкүнчүлүк алды. Ошол эле учурда ал программасын улам өзгөртүп, кечээки айтканынан бүгүн кайтып сүйлөп жатышы, бир катар ага ыктап турган топторду ирээнжитип койду. Бул албетте анын оппоненттерине жакшы шарт. Садыр Жапаров 10 күндө баш мыйзамдын жаңы долбоору даяр болот деди. Бул долбоор да боло турган шайлоого таасирин сөзсүз тийгизет.
Булак: NazarNews.kg