www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна 480 орунга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

«Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүттү. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости