www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоодо ойго келбеген нерселер көп болот экен. Адам кыялында тээ айга чейин учуп барып, жашоосун идеалдаштырып алат тура. Бирок баары биз ойлогондой эмес, жаманы дагы, жакшысы дагы эриш аркак тура бул турмуштун. Бутума турам, там алам, машина алам деп жумуш менен алпурушуп жүрүп жашым кантип өтүп кеткенин деле сезбей калыптырмын.

Ата-энемдин «бизди келиндүү кылсаң боло» дегенин деле аңдабай жүрө берип 35 жашка келгенде араң үйлөндүм.

Акылай ата-энемдин досторунун кызы экен. Билимдүү, акыл-эстүү, татынакай мүчө-бою келишкен жагымдуу жан. Экөөбүз таанышып, бири-бирибизди жактырып, 5 айдай сүйлөшүп жүрүп анан баш коштук. Бирок беш жылдай балалуу болбой жүрүп кыркка чыкканда Кудайдын кудурети менен уулдуу болдук. Абдан баласаакмын, баламды эркелетип отуруп күн кантип өткөнүн сезбей калам. Анын үстүнө жаш өтүп калганда бала көргөнгө тим эле эзилип турам. Келинчегиме «жашыбыз өтүп кете электе дагы бирди төрөп бер» десем, эмнегедир көңүлдөнбөгөнсүп сөзүмдү четке кагып жүрөт.

Шаарда чоңоюп калгангабы, өзүн чектен ашып жакшы көрөт, жанын эч качан кыйнагысы келбейт, эки сөзүнүн бири эле «өзүмдү карашым керек». Анысына мейли, аял киши эмеспи кантсе дагы. Кептин баары башкада болуп жатпайбы! Үй-бүлөлүк сырды эч кимге айтпай эле коюшум керек эле. Бирок айтууга мажбурмун. Келинчегим акылдуу, сулуу, бардык жагынан келишкен жан. Ата-эне, бир тууган, жакындарым менен аябай сый мамиледе. Бардыгына ийилип, жылмайып гана тосуп алат. Мени кейиткени, төшөк маселеси. Ушул маселеге келгеде эле кабагы бүркөлүп, мени каалабагандай түр көрсөтүп артын карап жатып алчу болду. Бул нерсе акыркы күндөрү адатка айланып бараткандай. Ооба, кээ бирлер «мунун эмнесин айтып жатат» деши турган иш. Бирок үй-бүлөлүк жашоодо бул эң чоң ролду ойноорун бардыгыбыз билебиз. Анткени жубайлардын ортосундагы мамиле төшөктөн гана жакшырып, төшөк үчүн бузулат эмеспи. Экөөбүз акыркы күндөрү башкадан эмес, ушунун айынан урушчу болдук. Мындан улам көңүлдөш таап алсамбы деп дагы ойлоп кетем. Бирок ага берилип кетип уямды бузуп алуудан дагы корком. Уулубуз толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланып-өсүшүн каалайм. Анын үстүнө аялымды жакшы көрөм.

Билбейм, же мени жактырбай калдыбы же башканы таап алганда ушундай болуп калабы айымдар, түшүнбөйм? Балким, ката менден кетип жаткан чыгар? Айтор, башымда суроо көп. Кантип жубайым экөөбүздүн төшөктөгү мамилебизди жакшыртсак болот? Ушулардын баарын ойлонуп жүрүп санаага батып кетпесем болду…

Булак: Леди.kg

Последние новости