www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан Айеркен Саймаитинин айткандары боюнча “Азаттык” иликтөө жасап, Кыргызстандан миллиондогон долларлар чыгып кеткени коомчулукта ызы-чуу жаратып жатса, парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов заводдон 2020-жылы чыга турган “Мерседес-Бенц Гелендваген” үлгүсүндөгү машина "заказ" бергени тууралуу сөз тарады. Кымбат баалуу унааны Кыргызстанга алып келип бере турган компания 2020-жылдын февралында "заказды" аткарууну убада кылган. 

Демек, үч айдан соң Алтынбек Сулайманов жаңы гана заводдон чыккан 350 миң долларлык “Гелендваген” менен жүрүп калат тура. Деги эле бул “Челюсть” мырза машина алуу үчүн эле ушунча каражатты кайдан тапты экен? 

Эске сала кетсек, Түркияда каза тапкан ишкер менен жакындан мамилеси болгонун ырастаган сүрөттөр социалдык түйүндөргө жарыяланып кеткен. Ал эми жогорку маалыматты экинчи тараптын пикирин укканга даярбыз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости