www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу БШКнын "кереметин" Искендер Гаипкулов билдирди.

Ага кошумча ал, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат аларын жар салып, элге коңгуроо какты. Калктын басымдуу бөлүгү Гаипкуловдун коңгуроосуна кубанып кол чаба элек. "Шайлоо таза өттү" деген Жанар Акаев үн катпай турат.

Бирок "Альянс" партиясынан лидери Алтынбек Сулайманов, «Жанарга мандатты эл берген ЦИК эмес. Тартып алганга негиз жок!!!» - деп өзүнүн социалдык тармагына "тишин кычыратып" жазып чыкты.  

Оргалча тууралуу соцтармакта кызуу талкуу жүрүп жатат. 

15-декабрда кабыл алган «сыйкырдуу» жобого ылайык, үч мандат алган партиядан -1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек. Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болот.

Эске сала кетсек, Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. 2015-жылдан бери Кыргызстандын жараны.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости