www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку убакта мамлекеттик органдардын, өзгөчө БШКнын иштөө ырааттуулугу канааттандырбай калды. Буга мисалдар арбын, кечээ Токмоктогу аламанга катышкандардын жеңиши жокко чыккан. Ал ыргак уланды... Ош шаардык кеңешинде Камчыбек Ташиевге караштуу «Ата Журт Кыргызстан» партиясы үстөмдүк кылып, мэрди шайлоого киришмек. Тилекке каршы, арыз-даттануулар арбын жазылды.
Жыйынтыгында, БШКнын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоону жокко чыгарууга салым кошуптур. Ушул көрүнүштөн соң, президенттик аппарат баардыгына калыс кароого аракет жасаганын баамдадык. Анчейин кийлигишкен жок окшойт.
Кызыгы, Абдыжапар Бекматовду көмүскө шефи Алтынбек Сулайманов түрткүлөп, максатына жеткени каңкууланды. Себеби, Ош шаардык кеңешинде «Бир Бол» партиясы артта калган эле. Ошондо саясый жүрүштү түшүндүңөрбү? Бир эсе таза өтпөгөн шайлоону «сындырышты»...
Булак: Азия News гезити