www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Альянс Алтын” компаниясы Талас шаарындагы медициналык колледждин жана Аманбаев айыл аймагындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинин базасын чыңдоо максатында Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев менен бирге окуу жайга керектүү техникаларды тапшырды.

Медициналык окуу жайга жаңы үлгүдөгү 5 компьютер, 2 интерактивдүү панель берилди. Ал эми Айтматов орто мектебине 2 ноутбук менен 1 интерактивдүү панель тапшырылды.

Компаниянын коомчулук менен менен кызматташуу бөлүмү билдиргендей, демилге эл өкүлү Марат Мураталиев тарабынан сунушталган. Аны “Альянс Алтын “ компаниясы колдоого алып, 611 миң сом бөлгөн. Компания билим берүү тармагына өз салымын кошууга ар дайым кызыкдар экенин белгилейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев  окуу жайларга техникаларды тапшырып жатып, улуттун саламаттыгы дарыгелерге байланыштуу экендигин белгилеп, жаштарга сапаттуу билим алууга көмөктөшкөндүгү үчүн “Альянс Алтын” компаниясына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости