www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басары Улук-Бек Бектургановдун аялынын намысына тийген сөз айтпаганын билдирди.
Министр медиктердин балдары тарбияланган "Наристе" бала бакчасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чарага катышууда.
"Биринчиден, мен антип айткан эмесмин. Ал жыйынга кечигип келгенде "ай, аялыңдын колун кармап жата бербей эртерээк келбейсиңби" дегем. Эгер тигинтип айткан болсом, эмне келесоо бекен аялын коргой албай турган? Эркек болсо атып таштабайбы ошентип айткандарды. Мен Бектургановдон жакшы сөздү үйрөнүп алдым. Министрликте турмушка чыга элек кыздарым бар иштебей жүргөн, бойдок балдарым менен тааныштырбасам деп коркутам", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, буга чейин министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов министр жыйында анын аялынын намысына тийчү сөздөрдү айтты деп даттанган.
Булак: NazarNews.kg