www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 300 жеке менчик медициналык клиниканы жаба турганын билдирди.

Ал журналист Лейла Саралаевага берген маегинде текшерүү учурунда 100 менчик клиниканын үч-төртөөнүн гана лицензиясы болгонун айтты.

"Көрсө 30 жылдан бери медициналык борборлорду эч ким текшербептир. Лицензиясы, эч бир нерсеси жок иштеп жүрүптүр. Мисалы, "Ош" базарында 8 аборт жасоочу мекеме бар. Ар биринде күнүнө 20 кыз-келин боюнан алдырат экен. Канчалаган тагдыр талкаланууда. Мен азыр Үй-бүлөлүк медицина борборунун баарына мыйзамдуу аборт жасоочу жай ачып жатам. Купуялуулук сакталат, эч бир жерде катталбайт. Жаза баскан жаш кыздар башка бирөөнүн атын айтып да келе берсе болот. "Ош" базардагыдай жерден боюнан алдыруунун кесепетинен бир нече ооруларга чалдыгып, тукумсуз болуп калышууда", — деди Бейшеналиев.

Министр учурда өлкөдө медициналык кызматтарды көрсөткөн менчик клиникалардын 50 пайызы текшерилип бүткөнүн кошумчалады.

Аны менен катар клиникалардын мыйзамсыз иштери боюнча бардык маалыматты укук коргоо органдарына жибергенин, бирок бир дагы иш аягына чыкпаганына нааразы болду.

"Мен бул маселе боюнча көтөрүп баштаганда өйдө жактан "сен прокуратура менен сотторду сындабай өз ишиңди кыл" дешти. Ошентсе да мындай иштерди аягына чыгарам", — деди министр.

Мындан сырткары, ал дагы бир текшерүүнүн жыйынтыгы менен 12 медициналык колледж жабылып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости