www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда дарыгер Сабырбек Жумабеков өзүнүн иш бөлмөсүндө отурат. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда айтты.
Травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борбору Клиникалык тез жардам борбору болуп түзүлүп, башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган болчу. Буга чейин министр жаңы жетекчи Д.Дүйшөнов Бишкек Травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунда 14 жыл эмгектенгенин айткан.
«Бардык бөлүмдөрдүн башчыларынан оорукананы ким башкарат деп сурап чыктым. Эч ким макул болгон жок», - деди министр. Ошондой эле Дүйшөнов Токмок аймактык ооруканасында эмгектенгенин кошумчалады.
«Дүйшөновдун айтканы боюнча, Сабырбек Жумабеков менен мамилеси жакшы. Сабырбек Артисбекович өзүнүн иш бөлмөсүндө», - деген министр ооруканада нөөмөт менен иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Алымкадыр Бейшеналиев эч ким жумуштан бошотулбаганын айтты. «Эгерде Сабырбек Артисбекович бөлүмдүн башчысы болуп, иш бөлмөсүндө иштеп калууну кааласа, макул болобуз. Анткени ал көрүнүктүү академик», - деди министр.
Булак: NazarNews.kg