www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп журналист Жапаркул Ташиев дайындалды. Негизи министр Алымкадыр Бейшеналиев пиар кылганга деле муктаж эмес, ал элди «уу коргошун менен дарылайм» деп бир сенсацня кылса, экинчиси сопсоо туруп «Ковид болдум» деп кабинетине карантин кылып жатып алган.
Мындай күтүүсүз кадамдарды «ачуу сууга» жакын Алымкадыр Бейшеналиев гана жасай алат. Жапаркул Ташиев аны көлөкөдөй эле ээрчип жүргөнгө жарабаса, пиар кыла албайт.
Медицинадан түшүнүгү жок журналист саламаттыкты сактоо тармагына текей тергени бардыбы? Кадр тандоодогу башаламандык деген ушул эмеспи?
Өлкөдө эпидемиологиялык оор кырдаал болуп жатса, министрдин орун басарынын кызматы ашыкча болсо, аны журналистке карматып жибербей, жок дегенде санитардык врачка берүү керек да.
Алымкадыр Бейшеналиев «чөйчөктеш досу» Жапаркул Ташиевди жанынан чыгаргысы келбесе, жардамчы кылып алсын, орун басарлык орунду кор кылбай.
Булак: Азия News гезити