www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлик вакцина алган жарандар үчүн стимул берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 17-августта коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.
“Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе, ресторандар жана соода борборлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, эмдөөдөн өткөндөргө жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Башка өлкөлөргө окшоп унаа берүүнү пландаган жокпуз, себеби өлкөдөгү экономикалык кырдаал баарыбызга белгилүү”, – деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.
Булак: NazarNews.kg