www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мобилдик клиника Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга чиркелген. Клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле, операциялык бөлүмү бар.

Бул мобилдүү клиникалар министрдин айтымында, зарыл болгон бардык аппараттар менен жабдылган жана бардык оорулар боюнча текшерүү жүргүзүп, диогностика коюлат. Мында компьютердик томография, рентген, маммография, гастроскопия жана башкалар бар. Мындан тышкары, бул клиникаларда операция да жасоого болот. Бардык кызматтар акысыз жүргүзүлөт.

«Негизинен аталган клиникалар тоолуу аймактарда иштетилет. Келишимге ылайык, медицина кызматкерлеринин жарымы жергиликтүү, жарымы чет өлкөлүктөрдөн турат. Алардын жалпы баасы – 10,5 млн дллар», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Мобилдүү клиникалар Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга орнотулган 5 бөлүктөн (5 трейлер) турат.

Мобилдүү клиника компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле, офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүгө болот.

Трейлер менен бирге бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобус жана медициналык тез жардам унаасы берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости