www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун алдын алуу боюнча эмдөөдөн өтүүдөн көпчүлүк катмар коркуп жатышканы жашыруун эмес. «Кытайдын дарысын сайынбайбыз» деген пикир да күчүндө. Мындай шартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элге туура багыт бере албаганы, тушүндүрүүгө дарамети жетпегени, о.э. өзү эмдөөдөн өтүүдө ачык-айкындуулукка басым жасабай, бир уколду сайдырып жатканын видеого шашылыш тарттырып койгону да шек жараткан. Анысы витаминби, же эмне дары экенин билдиңерби?

Айтор, коомчулук эки анжы ойдо калганы ырас. Мындай шартта апаат улам күчөп, вируска кабылгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Ооруп калгандар, өз алдынча дарылангандар канча? Алымкадыр Бейшеналиевдин мындай жүрүшү менен былтыркы катаал күндөр кайталанып, экинчи ирет элибизди кырып албайбызбы?

Айтор, бул чала сабат министрдин иштей албай жатканы ачык байкалууда. Тез арада ордуна ишбилги, профессионал кадр келбесе, бул көрүнүштө кыйналып каларыбыз айдан ачык.

Булак: Азия News гезити

Последние новости