www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразылык билдиришүүдө.

Маркумдун энеси Назгүл Шакенова «Азаттыкка» 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.

Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

«Сиңдиме чалып, «Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз» дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. «Мама, баары жакшы. Азыр барам» деди. Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп жатабыз деген. Уларбек деген тергөөчү «ачуу базар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп жатасыңар» деп күлдү».

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости