Марипов: "Айзаданын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айта албайм"
Саясат  |   |  663

Митингдин катышуучулары өкмөт үйүнүн алдына барып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушууда. Анда өкмөт башчы чогулган элге кайрылып, ишти иликтөөгө бир аз убакыт берүүнү суранды.

"Бул маселени президентибиз дагы карап жатат. Иликтөө үчүн бир аз убакыт бериңиздер. Өкмөт башчы катары алдыңыздарга чыгып билдирүүгө айтып жатам. Кечээ күнү дагы билдирүү жасаганбыз. Аталган маселе көзөмөлдө. Ким күнөөлүү экенин айта албайм", - деди өкмөт башчы Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.

Булак: NazarNews.kg


 

Поделитесь с друзьями