www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Kaktus.media» редакциясы Айзада Канатбекованы уурдап өлтүрүүгө шектелген Замирбектин бир тууганына жиберген акыркы аудио билдирүүсүн жарыялады.

Аудио билдирүүнүн башында ал бир туугандарына салам айтып, ал-акыбалын сурап, бардыгынын аман-эсен, ден соолукта узак жашоосун каалай турганын айтып, кечирим сураган.

«Апа, тынч болуңуздар! Менден кеткен күнөө болсо, мени кечирип коюңуздар! Мен Айзаданы сүйдүм, ушунча күттүм. Ага мен: «Башынан жашайлы, башынан баштайлы», — десем болбоду. Бир айтты «күт» деп. Макул дедим. Эки айтты «күт» деп. Эми үчүнчүсүндө ишене турган эч нерсем жок. Мына жанымда отурат. Мына дагы суранып жатат, жалган айтып. Мен азыр айтып коёюн, мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Рахмат баарыңыздарга», — деген билдирүү жиберген.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости