www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ал ооруканалар Бишкек шаарында жана Кадамжай районунда курулат.

“Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар жабдыктар, жылуулугу менен болот. Бишкектеги оорукана Улуттук госпиталдын, Кадамжайдагы стационар райондук оорукананын жанында салынат. Учурда курулушчулар ишин баштады”, – деди министри Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости