www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мага Ысык-Көлдүн тамырынан жасалган кайнатманы алуу үчүн онкологиялык оорусу барлар да кайрылат», - деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айрым маалымат булактарына. 

«Сиздер көрүп тургандай, төртүнчү даражадагы онкологиялык оорусу барларды дарылап жатабыз. Кандай гана хирург, кандай гана дарыгер болбосун, төртүнчү даражадагы бейтапты Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылаган дарыгерлерге жөнөтүп турган. Алар кайрылып жатышат, себеби дозаны билишпейт. Биз болсо даяр (кайнатманы) беребиз», — деди министр.

«Алар кайнатманы алып жатабы?», — деген суроого, Бейшеналиев: «Эгер кайрылышса, биз беребиз», — деп жооп берди.

Ошондой эле, кабарчынын: «Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылоо Улуттук онкология борборунда жүргүзүлөбү?» — деген суроосуна министр оорунун төртүнчү даражадагы рак оорусу менен ооругандар, тактап айтканда, паллиативдик (айыкпас) дартка чалдыккан бейтаптар жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүрүп: «Эмне үчүн онкологиялык борбордо? Үйдө алар айыкпайт делип, үйгө чыгарылган да. Үйдө жатып, өлүп калышат. Бир да оорукана аларды кабыл албайт», — деди.

Белгилей кетсек, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, коронавируска чалыккандарды уу коргошундун Ысык-Көл тамыры түрү менен дарылап жатканын, аны президент Садыр Жапаров сунуштаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости