www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу өткөрдү.

Жергиликтүү калк, Камчыбек Ташиевге Ынтымак айылынын 50 гектар жерин Өзбекстанга алмашуу чечимин жокко чыгарууну талап кылды. Ташиев айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талкуу жараткан 50 гектар жер боюнча Ташкентке кайра барып протоколду карап чыгууну убадалады.

Эске салсак, буга чейин Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыгып, митингге чыгышкан. Аталган жерде боз үй тигип, жергиликтүү калк нөөмөт менен күзөттө турган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости