www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Ирандын ортосундагы кандуу жаңжал созулган сайын Вашингтондогу расмий жана саясий чөйрөдөгү тынчсыздануу күчөдү. Анткени бул операцияга карата бирдиктүү көз караш жок экени ачык байкалды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иран ракеталык өндүрүш боюнча олуттуу артыкчылыкка ээ экенин моюнга алды. Анын айтымында, АКШ айына болгону 6-7 ракета-перехватчик чыгара алса, Иран 100дөн ашык ракета жана миңдеген камикадзе-дрондорду өндүрө аларын айтты. 

Сенаттын чалгындоо комитетинин мүчөсү Марк Уорнер операциянын негиздүүлүгүн шек санаган оюн билдирди. Анын айтымында, чалгын маалыматтары Иран тараптан АКШ аймагына карата түздөн-түз коркунуч болгонун тастыктабайт. Уорнер Ак үй Израилге болгон коркунучту АКШнын улуттук коопсуздугуна теңеп, түшүнүктөрдү атайылап аралаштырып жатат деп сынга алды.

Гэвин Ньюсом да Израиль-Американын Иранга карата чабуулунда мектепке жасалган сокку боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Анын билдирүүсү боюнча, бул фактылар кылдат текшерилиши керек.

АКШ коомчулугунун маанайы да бир жактуу эмес. CNN маалымдагандай, сурамжылоолор америкалыктардын 60%ы Жакынкы Чыгыштагы операцияны терс кабыл алганын көрсөткөн. Атүгүл республикачыл электораттын ичинде да толук колдоо жок. Айрыкча, америкалык аскерлердин жоготуулары жана согуштун узакка созулушу тууралуу суроолор берилгенде колдоо кескин азайган.

Аскердик стратегиялык жактан АКШ татаал кырдаалга кептелди. Bloomberg белгилегендей, Пентагон кымбат баалуу PAC-3 ракеталарын (ар бири 4 млн доллар) 20 миң долларлык «Шахед» дрондорун атып түшүрүү үчүн колдонууга аргасыз болууда. Жылына 300-600 гана ракета өндүрүлсө, “Шахед” рондорун атып түшүрүүгө бир жолку колдонууга ондогон ракета сарпталууда. Бул чоң көйгөй жаратууда.

Ал эми стратегиялык эсептөөлөр боюнча дагы бир олуттуу жаңылыштык байкалууда. Ак үй Ирандын жогорку жетекчилигин жок кылуу менен ички нааразылык күчөп, бийлик боштугу түзүлөт деп үмүттөнгөн. Бирок тескерисинче, сырткы коркунуч алдында биригүү эффектиси иштеди. Кечээги сынчылар да мамлекеттин айланасына топтолду.

Мындан тышкары, Ирандын саясий системасы борбордон толук көз каранды эмес, көп деңгээлдүү түзүлүшкө ээ экени көрүнүп турат. Жетекчилерди жок кылуу автоматтык түрдө системаны кыйратпайт. Алдын ала даярдалган мураскерлик механизмдер ишке кирет.

Натыйжада, Иран күтүлгөндөй чектелген жооп бербей, кеңири масштабдагы каршылык көрсөттү. Жүздөгөн контрсоккулар, аймактагы бир нече өлкөлөргө багытталган ракеталык жана дрондук чабуулдар, энергетикалык инфраструктурага соккулар, ошондой эле Ормуз кысыгын жабуу дүйнөлүк мунай базарына олуттуу басым жаратты.

Айтор, операция тез жана жеңил саясий натыйжа берет деген эсеп актаган жок. Тескерисинче, узакка созулган, ресурстарды сарптаган жана геосаясий туруксуздукту күчөткөн сценарий ишке кирди. Бул кырдаал АКШнын аскердик стратегиясына гана эмес, ички саясий биримдигине да олуттуу сыноо жаратты.

Алмаз Темирбек

Последние новости