www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Бентонвилл шаары дары-дармектерди жана ден соолукка тиешелүү товарларды жеткирүү үчүн учкучу жок каражаттардын пилоттук аянтына айланат. Бул тууралуу  РИА Новости жазды.

Саамалык Walmart жана Zipline компанияларынын биргелешкен долбоору болуп саналат.

Бентонвилл калаасы долбоор үчүн бекеринен тандалган эмес. Шаарда Walmart соода тармагынын штаб-квартирасы жайгашкан. Америкалык Zipline компаниясы Африкада жакшы таанымал, себеби ал жакта компаниянын дрондору госпиталдарга жана ооруканаларга тоңдурулган плазмаларды жеткирет. Бирок АКШнын аймагында анын ишмердүүлүгүнө мыйзам менен чектөө коюлган. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Федералдык жарандык авиация башкармалыгы чектөөнү жеңилдеткен.

Атайын дрондор дарыларга буюртма кабыл алынгандан тарта бир саат аралыгында айтылган дарегине жеткирет. Система аталган буюм сатылган дүкөндүн 80 чакырым радиусунда иштейт.

Zipline бул долбоор АКШда дрондорду жана учкучсуз аппараттарды коммерциялык негизде колдонуу үчүн маанилүү кадам болот деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости