www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Флорида штатында кош бойлуу аял деңизге секирип акулага жем боло жаздаган күйөөсүн куткарып калды. Бул тууралуу snob.ru жазды. 

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы киши бет кап жана дем алуучу түтүк тагынып алып деңиз астындагы таштарды аралап сүзүүгө аракеттенген. Ал сууга түшөрү менен  дароо акула тиштегенин көргөн жубайы артынан жардамга секирген.

Акуладан жолдошун куткарып, коопсуз жайга тартып чыккандан кийин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү куткаруу кызматын чакырган. Жолдошу ийининен катуу жаракат алган. Жолдошу ийининен катуу жаракат алган. Куткаруучулардын бири алар барганда жабырлануучу өтө оор абалда болгонун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости