www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 26-мартта милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, Р.Д. жана Р.Д. аттуу эки жаран аны АКШга жөнөтүүнү убадалап, 28,4 мин доллар алып, алдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 33 жаштагы Р.Д. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы тапта кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милициядан билдиришкендей, учурда бул иш боюнча экинчи шектүү Р.Д.ни издөө иштери жүрүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(703)686-8830(700)717-515,0(707)775-557 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости