www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы аналитиги Рэй Макговерн БУУ менен МАГАТЭнин Запорожье атомдук электр станциясы боюнча позициясын сындап, украин тараптын "орусиялык өздөрүнө ок атып жатат" деген сөзүн шылдыңдады. Бул тууралу "Известия" жазды.

Макговерн Шиллер институтунда өткөн "Дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң кризистен чыгууга адамзатты кантип шыктандыруу керек" деген темадагы талкууда баяндамачылардын бири болгон.

Экс-аналитик БУУ менен МАГАТЭ АЭСти Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан аткыланганы тууралуу ачык фактыны тааныбай жатат деп айыптады.

"Бул уюмдар АЭС Украина тарабынан аткыланып жатканын моюнга алышпайт. Сириядагы окуяны деле эстеп көрөлү. Батыш президент Башар Асаддын өкмөтүн козголоңчуларга каршы химиялык чабуул жасады деп айыптаган. Бирок маалымат тастыкталган эмес. Кийин чабуул Батыш көзөмөлдөгөн "Ак каскачандар" тарабынан коюлганы аныкталган. Биз муну билебиз. Анткен менен АКШ тарабынан дайындалган адамдар бул тыянактарды өзгөртүштү", — деди адис.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости