www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Республикалык партиясынан вице-президенттикке талапкер Жеймс Дэвид Вэнс өлкөдөгү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштүн алкагында АКШда мыйзамсыз жүргөн  бир миллион адамды  депортациядан баштоону сунуштады. Мындай билдирүүнү ABC  телеканалына берген маегинде билдирди.

"АКШда мыйзамсыз жүргөн 20 миллион адам бар. Биз жыйынтык бере турган нерседен башташыбыз керек. 1 миллиондон баштайлы, анан биз алдыга жыла алабыз" деди Вэнс.

АКШнын президенттигине Республикачылардан талапкер Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, "депортация боюнча эң ири кампанияны баштоого" бир нече жолу убада берген.

Буга чейин, америкалык администрация керектүү документтери жок АКШда жашаган жүз миңдеген мигранттарга мыйзамдуу макам берүүгө ниеттенип жатканы кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости