www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу чет элдик  басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Грегг Гарфилд ушул жылдын февраль айында достору менен Италияга лыжа тебүү үчүн барган коронавирус жуктуруп алган. Сапар учурунда ал өзүн жаман сезип, Лос-Анжелеске келгенде, үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылган. Гарфилддин COVID-19га тапшырган тестинин жыйынтыгы он натыйжа менен чыккан. Ал дем ала албай, өпкөсү ооругандыктан ооруканага жаткырылган. Эки күндөн кийин Гарфилд жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулган. Бейтаптын оорусу күч алып: кан басымы кескин түшүп, сепсис, полиоргандык жетишсиздик жана стафилококк инфекциясы пайда болгон. Дарыгерлер бейтаптын өмүрү үчүн бүт күчүн жумшап күрөшүшкөн, бирок анын аман калышына 100дөн бир мүмкүнчүлүк беришкен. Апрелдин башында бейтап жанданджыруу бөлүмүнөн кадимки палатага которулган. Ал 22 килограммга арыктап, бутунун үч манжасы карарып, кан агымы бузулгандыктан колунун сегиз манжасы кесилген. Гарфилд ооруканада 64 күн жаткан. Андан кийин ал колу менен бутунун манжаларын калыбына келтирүү үчүн жети операция жасаткан. Гарфилд өзүн жер жүзүндөгү эң бактылуу адаммын деп эсептейт жана декабрь айында дагы лыжа тебүүнү көздөп жатат. Ал өз мекендештерин коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген бардык чектөөлөрдү сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости