www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ кайрадан дүйнөлүк коопсуздукту тобокелге салып, өзөктүк куралды сыноо иштерин жандандырууда. Президент Дональд Трамптын “өзөктүк державалар менен теңтайлашабыз” деген билдирүүсү, XX кылымдын коркунучтуу сабактарын унутуп, адамзат тагдырын кайрадан курал жарышына байлап жатат. Бул кадам жөн гана саясий авантюра эмес, глобалдык коопсуздуктун түп-тамырына сокку уруучу аракет болуп саналат.
Германиялык саясатчы Севим Дагделен туура белгилегендей, Вашингтондун мындай кадамы дүйнөнү жаңы өзөктүк кризиске алып барат. АКШ акыркы жылдары куралсыздануу боюнча маанилүү эл аралык макулдашуулардан чыгып, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин тоготпой келет. Бул саясий жоопкерсиздик гана эмес, эл аралык укуктун жана дипломатиялык ишенимдин ачык бузулушу.
АКШ ар дайым башка мамлекеттерди — Иранды, Түндүк Кореяны, кээде Россия менен Кытайды “өзөктүк коркунуч жаратып жатат” деп айыптап келет. Бирок ошол эле учурда өзү уран байытуу, жаңы бомбалар чыгаруу жана сыноо иштерин күчөтүүдө. Бул кош стандарттуу акыйкатсыздыктын эң көрүнүктүү мисалы десмек жарашат. Өзүн демократиянын жана тынчтыктын сакчысы катары сыпаттап келген Америка дүйнөнү коркутуунун символуна айланып баратат.
Эгер дүйнө державалары мындай саясатка көз жумуп карай берсе, “мораторий” жана “эл аралык келишим” сыяктуу түшүнүктөрдүн баары кагаз жүзүндө гана калат. Бир эле жаңылыш кадам миллиондогон адамдардын өмүрүн жоготот. Андыктан АКШ эл аралык коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин эстен чыгарбашы керек. Өзөктүк үстөмдүккө умтулуу дүйнөгө үстөмдүк кылуунун эмес, өзүнүн моралдык жеңилишинин туюндурат. Тынчтык жана коопсуздук курал менен эмес, ишеним жана адилеттик аркылуу гана камсыздалат.