www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кабулдун аба майданынан кетип калган америкалык аскерлердин аракети тууралуу оюн билдирди.

"Россия 24" телеканалынын эфиринде Захарова Американын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Жон Кирби "учактарга жармашкан афгандыктар аба транспорту көтөрүлгөндө кулаганы чынбы?" деген суроого АКШ бул маалыматты тастыктай албастыгын айтканын белгилеген.

"Демейде орустардын "хакерлери" тууралуу ийне-жибине чейин билген АКШ өз учагынын канатында жана шассисинде эмне болгону тууралуу айта албайбы? Андай учактар байкоо жүргүзүүнүн бардык түрлөрү менен жабдылган", — деди Захарова.

Ал Америка адам укуктары темасына дайыма тынчсызданып келерин билдирген.

"Вашингтон адам укуктары тууралуу толгон-токой доклад, сунуш, мониторинг тууралуу кеп кылганда биздин оюбузга ар дайым Кабул аба майданындагы окуялар эске түшсө керек", — деген Захарова.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда Афганистандын борбору Кабулдагы аэропортто эл дүрбөлөң түшүп, учакка жармашкан видео тараган. Айрымдары учак көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Ошондой эле афгандыктар учуу тилкесине кирип келишкенде Американын аскерлери асманга ок чыгарып артка кайтарган. ЖМКлар бул башаламандыкта 10 киши каза болгонун божомолдоду.

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди. 

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости