www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи, Трамп менен Путиндин жолугушуусу Стамбулда өтүшү мүмкүн. Техникалык жактан эң ылайыктуу өлкө – Түркия, бирок саясий көз караштан алганда эки өлкө өзгөчөлөнүп турат: Сауд Аравиясы жана Индия. Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн өтүшү толугу менен Түркиянын АКШ, Батыш жана Россия ортосундагы жаңы геостратегиялык тең салмакта кандай орун ээлей турганына көз каранды", – деп эсептейт агенттиктин маектеши.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп буга чейин Орусиянын лидери Владимир Путин Украинанын тынчтык маселесин чечүүгө ниеттенгенине ишенерин айткан. Америкалык саясатчынын айтымында, Орусия менен иш алып баруу Киевге караганда оңой, анткени бардык карталар Москванын колунда.
Россиянын президенти Владимир Путин январь айында Украинадагы согушту жөнгө салуунун максаты убактылуу ок атышпоо же күчтөрдү кайра топтоо жана куралдануу үчүн тыныгуу эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин айткан. Анын айтымында, Россия бийлиги өз элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүнү улантат, бул атайын операциянын негизги маңызы. Украинадагы тынчтык, Путин белгилегендей, бул аймакта жашаган бардык элдердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек.
Москва бир нече жолу Украина боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген, бирок Киев мыйзам деңгээлинде аларга тыюу салган. 2022-жылдын октябрында Владимир Зеленский Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон.