www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

World Air Quality уюмунун иликтөөсү боюнча Бишкек абанын булганышы боюнча 7-ноябрда дүйнөдөгү биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү. Кыргызстандын борбору муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи менен Лахор, Израилдин ТельАвив шаарларын артта калтырды.

8-ноябрда баш калаа аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Индекс (AQI) азыр 261 болуп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Биз бул маселе боюнча маселени көтөрүп жүргөн эколог Анара Султангазиевага кайрылдык.

- Кайрадан эле абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыктык. Былтыркы иштериңиздерден жыйынтык жаралдыбы?

- Бул жылы үчүнчү ирет алдыга чыктык. Эми качан козголушат билбейм. Биз өткөн жылы экинчи жолу дүйнөдө абанын булганышы боюнча алдыга чыкканда өкмөт башчысы жана мэриянын жетекчилиги менен жолугуп сүйлөшкөнбүз.

Ошондо өкмөт кырк саптан турган бир чоң иш-чара планын кабыл алган. Ошол кезде өкмөт башында Артем Новиков болчу. Андан бери өкмөт эки жолу алмашты. Азыр план кайсы баскычта экенин, канча пайызы ишке ашканын кайра эле булганыч аба боюнча алдыңкы сапка чыкканбыздан билсек болот. Эң башкы күнөөкөрү катары ТЭЦти белгилеп келебиз.

Шаар боюнча жылына беш айдын ичинде 2 жарым млн тонна көмүр колдонулат. Ошонун жарымын Бишкек ТЭЦи жагат. Жакканда да категориясы Б3 деген Кара-Кеченин күрөң, ыштуулугу жогору, нымдуулугу өйдө, калориясы аз, табы начар, күлү көп көмүрдү колдонушат.

Расмий маалыматтарга таянсак, 1 млн 200 тоннанын жарымынан көбүн тендер менен алышат. Ыштын негизги бөлүгү ошондон пайда болот. Андан соң биздин жаңы конуштар, орто жана майда өндүрүштөр, чүпөрөк-сапырак жаккан жеке мончо, сауналар, анан сапаты өтө начар күйүүчү май пайдаланган автоунаалар – баары биригип келип ышты пайда кылат.

- Эми кандай аракеттерди көрсө болот?

- Экинчи ирет биринчи сапка чыкканда мэрия экологиялык кеңеш түзгөн. Бул кеңешке экологдор жана шаар активисттери кирген. Быйыл экокеңештин курамында абанын булганышы боюнча комитет түзүлдү. Мен дагы ошол экокеңештин түзүмүнө кирдим.

Эмки жумада шаар жетекчилиги менен ошол экокеңеш жолугуп, ийри отуруп, түз сүйлөшүп, маселени кандай чечүүнү талкуулайбыз. Шаардык муниципалитет эмне иштерди жүзөгө ашырып жаткнын угуп, андан аркы аракеттерибизди улантабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости