www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

- Анарбек-ага, улуттун идеологиясын кантип көтөрөбүз? Аксакал катары кандай кеп-кеңешиңиз бар?

- “Велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок” деп орустар айтмакчы, биздин кыргыз элинин идеологиясы Теңир, дүйнө таануу, дилибиз, үрп-адат, каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, уруулук түзүлүшүбүз негизги идеология катары эсептелинет эмеспи.

Ата-бабабыздын санжырасын, жаңы тарыхыбызды билүү кажет. Бул кезге чейинки тарыхыбыз - жөөттөрдүн жомогу. Ушунун негизинде эч кимге көз каранды болбогон китеп жазылуусу абзел.

Буга чейин көрүнгөндү ээрчип, этегине намаз окуп келбедикпи. Анан эң негизгиси, биздин өлкө светтик мамлекет экенибизди таанып, башында болгону оң. Бизге жабыштырган диндин кереги жок. Азыр Кыргызстанда ислам дининин 70тен ашуун агымы бар экени айтылууда. Мээ деле жетпей калды.

Алар “ыйман, адеп” демиш болуп, бири-бири менен чабышып аткандарын, көз караштары дал келбей, бири бирди сүйлөп, экинчиси экинчини сүйлөп аткандарына таң каласын. Анан алар кайсы идеологияны жыргатмак эле? Мектептен мечит көп.

Биз илим-билимге умтулабызбы, же башка элдин кийимин кийип, башка элдин салтын тутунабызбы? Мындай болбойт. Дин бизге идеология эмес. Бул маселе баарыбызды ойлонтуш керек!

Булак: Азия News гезити

Последние новости