www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин лидерлигиндеги Христиан-демократиялык биримдигинин (CDU) аткаруу комитети жаңы лидер шайлоо үчүн 4-декабрь күнү Штутгардда конгресс өткөрөт. Бул тууралуу haberturk.com жазды.

2005-жылдан бери бийликти аркалаган Меркель саясатка чекит коюуга даярданууда. Ал лидерлик кылган Христиан-демократиялык биримдигинин аткаруу комитети жаңы лидерди шайлоо үчүн даярдыктарды баштады.

4-декабрда Штутгардда конгресс өткөрүүнү пландаган комитет шайлоону пандемияга байланыштуу бир күнгө кыскартты. Жаңы шайлана турган CDU лидер партиянын Германиянын президенттигине талапкер катары көрсөтүү үчүн талапкер болууда бир топ артыкчылыкка ээ болот.

Ал эми Меркель 2005-жылдан бери жүргүзүп келген бийликти улантпай турганын билдирип, 2021-жылдын октябрь айында өтө турган федералдык шайлоого кайрадан талапкер болбой турганын маалымдаган.

Христиан-демократиялык биримдигинин төрайымы Аннегрет Крамп-Карренбауэр, февраль айында Меркелдин мураскор болууну каалабаганын жана CDU лидерлигинен баш тартканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости